Печать
Категория: Коом
Просмотров: 272

Президенттик администрациянын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов мамлекет катчысы болуп дайындалганы тууралуу алгачкы маалыматтар башталды. Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Касмамбетовду куттуктаган пост жазды:

- Сүйүнбек Касмамбетов Мамлекеттик Катчы болуп дайындалды...

Чын ниеттен куттуктайм. Бул жумушту татыктуу аркалоо үчүн улутмандык, мекенчилдик, уюштургуч касиет, чечендик, саясий тазалык, терең билим, жаңычылдык, коомдук аброй  керек экени шексиз...Сүйүнбек мырзада ар бир айтылган касиет бар. Чоң дипломат, ушунча жылдан бери мамлекеттик кызматта жүрүп ыплас иштерге аралашпай, коомдук, инсандык абройду сактап калган! Ушул маанилүү!

Анан да, мындай жумушта жакшы маанидеги Илхом керек, берилүү, эргүү, чарчабастык керек...

Улут үчүн, улуттук мамлекеттин туура жол менен өнүгүүсү үчүн Сүйүнбек мырзага ийгилик каалайм! Улуттук Идея бул биздин келечек! Кантип кыргыз болуп калып, ийгиликтүү, заманбап Улутка айланабыз? Маселе ушунда... 

Кантип коомдо өнүгүү идеясын приоритет кылабыз? Өз улуттук менталитетибизде эмнелерден арылып, эмнени тескерисинче өнүктүрөбүз? Коомдо жаңычылдык менен консерватизмди кантип ийгиликтүү айкалыштырабыз? 

Ушул сыяктуу татаал суроолорго эми Сүйүнбек мырзанын башы ооруганы ооруган... Жардам берели! Колдон- буттан алып, көмөктөшөлү! Мамлекет баарыбыздыкы! Бир кайыктабыз калайык! Дүйнө жүзү бизди да дүрбү менен карап турушат, кыргыздар эптей алаар бекен деп...

Намыска, ынтымакка, ырашкерликке келсек чыгып кетебиз, өнүгөбүз, өсөбүз...