Куран окуткан жерде кечээ эле кызык чеке болуп жүргөн кишиң менен табакташ болуп калууң мүмкүн. Ошондуктан, мындай жердеги көрүнүштөрдөн чыр чыгарууга аракеттенүү болбойт. Мындай пикирин коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди. 

"Тойдо же куран окуткан жерде тиги жүрөт, бул жүрөт..." - деп сенсация кылуу натуура кыргыздар үчүн... Мен муну генерал Ташиев менен мурдагы бажы кызматкери Матраимовдун бир тойдо болгонунан кыйкым издеп, мамлекеттик саясий маселелерине байлап чуу чыгаруудан улам жазып жатам. "Жер тамырынан эл тамыры көп"- дейт элибиз. Кайсы бир тойго же куран окутуп бата кылган жерге бара жатканда кимдер менен чогуу болуп кала турганыңды болжоп болбойт... Кечээ эле кызыл чеке болуп тирешип жаткан кишиң менен ал жерде жолугуп, а түгүл бир табакташ болуп калууң дагы ажеп эмес... сыпаалык кылып, чакырган адамдардын кадыры үчүн, келген башка адамдарды сыйлап чогуу отурууга туура келет,  "тиги бар турбайбы, бул бар турбайбы" - деп тескери бурулуп басып кете албайсың ... Бул дагы биздин улуттук менталитет менен маданиятыбыздын бир жагы..." - деди ал.