Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жакында кызматтан кетээрин айрым маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анда жазылгандарга таянсак, жакын арада Министрлер кабинетинде бир катар кадрдык өзгөрүүлөр жүрүшү мүмкүн.
Анын бири - Марипов кызматтан кетип, ордуна Акылбек Жапаров келет. Акылбек Жапаров учурда экономика жана финансы министри болуп иштейт.
Белгилей кетсек, Улукбек Марипов өкмөт башчысы болуп ушул жылдын февраль айында дайындалган.