Печать
Категория: Коом
Просмотров: 123

«2021-жылдын 9- октябрына карата пандемия башталгандан бери республикада 179188 коронавирус инфекциясы катталган, анын ичинен 123 385 учур лабораториялык, 55803 коронавирустун клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган учурлары»,- деп Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.
 
Анын айтымында, пандемия башталгандан бери коронавирустук инфекциянын 3 эпидемиологиялык жогорулоосу болду, 2020 -жылдын июль жана ноябрь айларында жана 2021 - жылдын июль айында коронавирустук инфекциянын 3 толкуну болду. COVID-19 вирусу, башка вирустар сыяктуу эле, мутация жөндөмүнө ээ жана ал катталгандан бери бир нече мутацияланган түрлөр катталган, мисалы: британиялык, бразилиялык, орусиялык, түштүк африкалык, индиялык жана башкалар.