Бишкектин айрым лабораторияларындагы ПЦР-тесттин баасы арзандады. Бул тууралуу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин лабораториялык тестирлөө борборунун башчысы Айгүл Жумаканова билдирди.
"2021-жылы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин ПЦР-тест тапшыруу арзандады", - деген ал.
Белгиленгендей, Бишкектеги жеке менчик лабораториялар өткөн жылы бир ПЦР-изилдөөнү 3 000 сомго чейин жасашкан.
Ошондо, ПЦР-тесттин баасы арзандаган лабораториялар:
- Бонецкий - 1 690 сом;
- AquaLab - 1 700 сом;
- Гемотест – 1 400 сом.
Учурда өлкө боюнча коронавирусту аныктай турган 19 лаборатория иштеп жатканы айтылды. Анын ичинен он үчү мамлекеттик, алтоо менчик болуп саналат.