“Бүгүнкү күнгө чейин кайсы объектерди же алардын акцияларын сатып алдыңар эле?” – деп сурады депутат Мамасадык Бакиров Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын өкүлүнөн.
Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууланды.
“Керемет банктан” тышкары, башка объект ала элекпиз” – деп жооп берди Улуттук банктын өкүлү.
Ошондой эле, депутат жаңы мыйзам долбоорундагы айрым беренелерге токтолуп: “Түзүлүп жаткан мүмкүнчүлүктөн пайдаланган Улуттук банк өз демилгеси менен сатып алуу ишин жүргүзсө, Өкмөт эмнеге кепилдик бериши керек? Анткени Улуттук банк буга чейин бир гана банкты сатып алган экен. Кийин талаштуу жагдайлар жаралышы толук мүмкүн да” – деди.