КР УКМК Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын 31-ТА жетекчиси "А.Т.О." коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

"А.Т.О." өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак-абакка которуу же  шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган.

2021-жылдын 7-октябрында КР Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция)  боюнча каралган кылмыштын негизинде "А.Т.О." акча алып жаткан жеринен кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.