Печать
Категория: Коом
Просмотров: 145

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионаттыгына баруу алдында бир ай машыгуудан алыс болгонун билдирди. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Баарыңыздарга колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Бир аз толкундандым, анткени буга чейин бир ай машыкпадым эле. Мүнөзгө салып эле күрөштүм десем болот.

Менимче, Кыргызстандан эки жолку дүйнө чемпиону болуу менен дүйнөлүк спортко кире алдым окшойт. Бул мени үчүн чоң сыймык", - деди спортчу.