"Мээрим биздин сыймыгыбыз! Дүйнө чемпионатындагы финалдык беттеште эң жогорку чеберчиликти көрсөттүң!
Мээрим Жуманазарованын алтын, Айпери Медет кызынын коло медаль алышы буга чейинки балбандарыбыздын жеңишине жетине албай турган кыргыз элинин кубанычын, сүйүнүчүн дагы арттырды.
Улуттук кураманын жетишкендиктери жалпы кыргыз элин, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап, силер кыргыз спортунун тарыхын жаратып жатасыздар! Спортчуларыбызды мыкты даярдыкта килемге алып чыккан машыктыруучу курамга дагы өзгөчө ыраазычылык!" - деп жазды мамлекет башчы Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына.