Печать
Категория: Коом
Просмотров: 116

КР УКМК Базар-Коргон районунун ИИБ кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө опузалап талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Ж.А.Э.”кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

“Ж.А.Э.” (каймана аты “Малик”) зомбулук колдоном деп коркутуу  жана шантаж кылуу аракети менен жеке ишкерден 80 миң сом, ошондой эле алтын буюмдарын жана уюлдук телефонун опузалап талап кылып тартып алгандыгы аныкталды. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 100 миң сомду түзөт.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө “Ж.А.Э.” опузалап талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Бул факт Базар-Коргон РИИБ тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.  Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.