Санкт-Петербург шаарында мигранттардын балдары менен иштешүү боюнча россиялык педагогдор квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүштү. Бул "Мигранттардын балдарын социалдык - маданий адаптациялоо, орус тилине, тарыхына жана маданиятына үйрөтүү" программасынын негизинде болду.
Бул программанын негизги максаты - мигранттардын балдарын жергиликтүү маданиятка активдүү адаптациялоого ылайыкташкан технология жана ыкмаларды үйрөтүү болуп саналат. Ошондой эле, көп улуттуу мектептерде улуттар аралык мамилелерди жөнгө салуу да каралган.
Ушул жылдын март айында улуттар аралык мамилелер боюнча кеңештин жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин мигранттардын балдарын формалуу түрдө эмес, факт жагынан орус тил чөйрөсүнө терең көнүктүрүү маселесин көтөргөн. "Бир гана тилге, маданиятка эмес, биз аларга орус баалуулуктарын терең сиңиришибиз керек", - деген президент.