"Кумтөр" маселеси оң жагына чечилсе, Кыргызстандын буга чейинки президенттери калтырып кеткен сырткы жана ички карыздарды төлөө мүмкүнчүлүгү жаралат. Ошондуктан, эл азыр бул жаатта президент Садыр Жапаровду колдоодо. Мындай пикирин Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Төлөнбай Абдыразаков билдирди.
"Сырткы жана ички карыздарды төлөө мүмкүнчүлүгүбүз артат. Андан сырткары, социалдык маселелердин чечилишине жол ачат. Негизи эле, алтын маселеси өтө оор, татаал. Уламыштарда алтын дайыма жыландардын кайтаруусунда болоору айтылат. Ушул сыяктуу эле өлкөбүздүн башкы алтын кени да бир канча жылдан бери баш ооруга айланып келгени талашсыз. Биздин аткаминерлер башында түз иштешкенде мындай нерсе болбойт болчу, алар мамлекеттин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын бийик коюшуп, инвесторлордун берген акчасына азгырылышты", - деди жазуучу.
Ошондой эле, ал Садыр Жапаров бул маселени 2010-жылы көтөрүп чыккандан кийин гана эл бул көйгөй менен тааныш болгонун белгиледи. Айтымында, сатылма аткаминерлер элдин байлыгынын эсебинен байып, анысы аз келгенсип ал байлыгын тартынбай элге көрсөтө баштагандан кийин бул маселени көтөрүп чыгуу зарылчылдыгы жаралып, аны учурдагы президент аткарган.
"Бул үчүн убагында ага кандай гана бут тосуулар болгонун эл жакшы билет. Мына ошондуктан, "Кумтөр" ишинде эл Садыр Жапаров тарапта жана колдоо көрсөтүүдө. Мамлекет башчынын кылган-эткенин сындагандар да жетиштүү. Бирок чындыкты капка ката албайсың, эл баары бир чындык тарапта болот", - деди ал.