Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун дарегине Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. 

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. 

Мамлекет башчысынын аталган 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди: 

Чүй облусу: 

- Сокулук райондук сотуна: 

Садыков Болот Калыбекович; 

- Ысык-Ата райондук сотуна: 

Шабданбеков Болот Турарович; 

- Чүй райондук сотуна: 

Абдрасул уулу Бектур; 

- Токмок шаардык сотуна: 

Акбалаева Нурия Каинбековна; 

Ош облусу: 

- Кара-Суу райондук сотуна: 

Мамасалиева Мээрим Жумалиевна; 

- Ош шаардык сотуна: 

Максатбеков Султан Максатбекович; 

Мойдунов Абдисалам Абылкасымович; 

Жалал-Абад облусу: 

- Жалал-Абад шаардык сотуна: 

Бекчалов Кеңешбек Нуржалилович; 

Бишкек шаары: 

- Октябрь райондук сотуна: 

Карабеков Тимурлан Абдыганыевич.