Печать
Категория: Коом
Просмотров: 141

2021-жылынын 3-октябрында КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында, К.Асанбектин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү, 1958-жылы туулган «Ф.А.Г.» аттуу Казакстан Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Кармалган «Ф.А.Г.» буга чейин баңгизат, курал -жарак, каракчылык иштери жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү, ошондой эле Казакстан Республикасында, Кыргыз Республикасында жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уурдалган кымбат баалуу унааларды сатууну көзөмөлдөө үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды.

«Ф.А.Г.» УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, анын Кыргыз Республикасынын аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча атайын иш-чараларды улантууда.