Печать
Категория: Коом
Просмотров: 160

Кечээ, 1-октябрдан тартып Кара-Кече көмүр кенинде көмүр жүктөө башталды. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотпекова "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

"Кара-Кечеде көмүр жүктөө 2021-жылдын 1-октябрынан тарта башталды. Эми Кыргызстандын калкына жана бюджеттик мекемелерге кесек көмүр бериле баштайт. Ар бир облустун көмүр кампаларына көмүр жеткириле баштайт. Кыштан жылуу чыгалы,  жумушчуларыбызга күч-кубат тилейбиз!" - деди маалымат катчы.