Фармацевтика жаатындагы мафиянын бети ачылганын Камчыбек Ташиев билдирди. Бул элдин күткөнү болчу. Мындай пикирин экс-депутат Эсенгул Исаков "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

- Дары-дармектерди арзандатуу үчүн фармкомпаниянын жетекчисин камоо жетиштүүбү?

- Дары-дармектердин жасалма кымбатчылыгы саламаттык сактоо тармагындагы коррупциялык система бекем иштегендигинен болуп келгенин он жылдан бери эле айтылып келет. Бирок мамлекеттик укук коргоо органдары тарабынан алгылыктуу иш жүргүзүлбөгөндүктөн акыры өлкөбүзгө Ковид-19 каптаганда дарыканаларда дарылар, беткаптар  тездик менен кымбаттап, элдин кайгы-муңунун  аркасында коррупционерлердин күнү тууп, чөнтөктөрү толду. Бул жагдайда да дары-дармектин баасын көзөмөлдөй турган эч иш-чаралар көрүлгөн жок. 

Кечээ жакында УКМК башчысы К.Ташиевдин фармацевтик жаатында коррупциялык схемасынын ачылганын айтканы - бул карапайым элдин күткөнү болчу. Эми дагы жалпы элдин турмуш-тиричилигине түздөн-түз таасирин тийгизген күйүүчү майдын бааларын текшерип, баасы төмөндөсө, элдин социалдык маселесине оң таасири тийип, бийликтин иш - аракетине элдин ыраазычылыгы көбөйөт эле.