Печать
Категория: Коом
Просмотров: 140

Акыркы 3 суткада коронавирусту жуктургандардын саны 1 млн. 257 миң адамга көбөйдү.

Жуктургандардын эң көбү АКШга туура келет. Бул өлкөдө 42 млн. 931 миң 354 адам ковид менен ооруса, Индияда – 33 млн. 653 миң, Бразилияда – 21 млн. 352 миң, Францияда – 7 млн. 86 миң, Улуу Британияда – 7 млн. 700 миң, Россияда – 7 млн. 313 миң 112, Түркияда – 7 млн. 40 миң, Аргентинада 5 млн. 250 миң 402, Иранда – 5 млн. 534 миң, Испанияда – 4 млн. 947 миң, Колумбияда – 4 млн. 661 миң, Германияда – 4 млн. 204 миң 300 адам коронавирусту жуктурушкан.

Ал эми вирустан көз жумгандардын саны 4 млн. 719 миңге жетти. Акыркы 3 суткада көрсөткүч 29 миң 206 адамга көбөйгөн. АКШда – 688 миң 32, Бразилияда – 594 миң 433, Индияда – 446 миң 918, Мексикада – 275 миң 450, Россияда – 200 миң 245, Улуу Британияда – 136 миң 529, Италияда – 130 миң 697 адам ковиддин курмандыктары болушкан.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 178 миң 317 адам катталса, Казакстанда – 954 миң 295, Өзбекстанда – 172 миң 90, Тажикстанда – 17 миң 484 адам.

Булак: «Майдан. kg» гезити