Печать
Категория: Коом
Просмотров: 100

Буга чейин Памирден этникалык кыргыздар тарыхый мекендерине алып келинип, бирок турак-жай маселелери чечилбегендиктен, айрымдары кайрадан Памирге кетип калышкан. Ошондон улам памирлик кыргыздарды туракжай, социалдык обьекттер менен камсыз кылуу маселеси келип чыккан эле. Эми Чоң-Алай жергесине келишкен памирлик кыргыздар атайын алар үчүн түзүлгөн шаарчага жайгаштырылат. Ош облусунун Чоң-Алай районуна Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздар үчүн атайын шаарча түптөлүп, анын пайдубалына өлкө башчысы Садыр Жапаров капсула койду. Шаарчаны түзүү чечимин Садыр Жапаров апрелде Ош облусуна болгон иш сапардын жүрүшүндө кабыл алган. Ал максат үчүн райондун Кашка-Суу айылындагы Бурган-Суу аймагынан 30 гектар жер трансформацияланган. Бул жерге турак-жайларды, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп, саламаттыкты сактоо ж.б. социалдык объекттерди куруу пландалууда. Курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөн, ошондой эле кээ бир объекттерди курууну «Ассанабиль» кайрымдуулук фонду ишке ашырары маалым болду.

Президент өз сөзүндө оогандык кыргыздарды сактоо максатында тарыхый мекенине көчүрүп келүү ниети бардыгын, бул маселе дайым көңүл борборунда турарын баса белгиледи. Келечекте шаарчага 300-400 үйлөр куруларын билдирди.

Президенттин тарыхый себептерден улам алыска барып отурукташып калган улутташтарыбызды тарыхый мекендерине алып келүүгө ниеттенип, ага конкреттүү аракеттерди көрүп жаткандыгы чыны менен кубанарлык нерсе. Журт башчынын башкы милдети чачылган элин жыйноо, баштарын бириктирүү эмеспи. Башкысы, бул шайлоо алдындагы элдин көөнүн алууга болгон аракетке, шаарча узакка созулган курулушка айланбаса болгону…

Булак: «Майдан. kg» гезити