Буга чейин жөлөк пулдардын өлчөмү көбөйүлгөн болсо, эми 1-октябрдан тартып пенсиялар көбөйгөнү туру. Буга байланыштуу токтомго Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов кол койгон.
Аталган токтомго ылайык, пенсиялардын базалык жана камсыздалган бөлүгү көбөйтүлөт. Жөнөкөй тил менен айтканда, көбөйтүлгөндөн кийин пенсиялардын орточо өлчөмү 6 миң 248 сомду түзүп, б.а. 455 сомдон кошулат. Ошону менен бирге пенсиялардын көбөйтүлүүсү ар бир пенсионердин пенсиясынын суммасына жараша болот.
Министрлер кабинети Социалдык фонд менен саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине пенсиялардын базалык жана камсыздалган бөлүгүн эсептеп, октябрда жаңы өлчөм менен берүү боюнча тапшырма берди.
Булак: «Майдан. kg» гезити