Убакыттын өткөнүн караңыз. Кечээ эле “Region” телеканалы ишин баштаган болсо, бүгүн минтип 2 жашка чыгып олтурат. Эки жыл чынында аз убакыт, бирок телеканал бул кыска убакыттын ичинде медиа мейкиндиктен өзүнүн ордун ээлеп, туруктуу күйөрмандарын табууга жетишти. Телеканалдын жаңылыктарды берүүдөгү нейтралдуулугу, оперативдүүлүгү, бейтараптуулугу мактоого арзыйт. Телеканалдын журналисттеринин берүүлөрдүн сапатын, көрүмдүүлүгүн арттырууга болгон изденүүчүлүктөрү телеканалдын келечеги зор экендигинен гана кабар берет.
Ал эми телеканалдын «моторуна» айланган Өткүрбек Рахмановдун автордук берүүлөрү, андагы өлкөдөгү социалдык-саясий абалга саресеп салып, окуяларга, процесстерге калыс, факты, аргументтерге негизделген анализдери кимди болбосун кайдыгер калтырбайт. Бул өңүттөн алганда, Өткүрбек Рахманов “Region” аркылуу аналитикалык журналистиканын өнүгүүсүнө да өзүнүн салымын кошуп келүүдө. Не дейбиз, “Region” телеканалына мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!
Келечекте бүтүндөй Кыргызстандын элинин купулуна толгон телеканалга айланып, алдыңкылардан болуусуна тилектешпиз!
Булак: «Майдан. kg» гезити