- Женевада "Центерра" менен биринчи сүйлөшүүлөр аяктады деген кабарды өз булактарыбыз тастыктады... Кыргыз Өкмөтүнүн делегациясына Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Тенгиз Бөлтүрүк киришкен. "Центерра" тарапты анын директору Скотт Перри жетектегени маалымдалды.
Сүйлөшүүлөрдүн негизинде "Кумтөрдүн" келечеги, экологиялык жана финансылык маселелер талкууланды. Кыргыз тарап мамлекеттин кызыкчылыгын өтө катуу коргоп турушканы белгилүү болду. Тараптар мындай цивилдүү, сүйлөшүү жолу менен бардык проблемаларды чечүү жагын колдоп, мындан ары да сүйлөшүүлөрдү улантууну көздөшөөрү белгилүү болду! Сүйлөшүүлөр өтө маанилүү болгондугуна байланыштуу, тараптар сүйлөшүүлөрдүн купуялыгынын деталдарын ачыктабайбыз дегени да айтылууда!
Менимче, "Центерра" менен Кыргызстандын катнаштары ушул нукта, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө бет алганы эң жакшы жөрөлгө!