Печать
Категория: Коом
Просмотров: 90

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам -иликтөө иш -чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын жарандары "Э.К." жана "Э.Ж.А." кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Такталгандай, кармалган адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү үчүн бирге иштешүү жолу менен, жарандарды коңшу өлкөгө алып өтүп турган.

Азыркы учурда «Э.А.К.» жана «Э.Ж.А.» аттуу жарандарга карата бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

КР УКМК мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү кылмыш болуп саналат, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинде 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 260 000 сомго чейин айып салуу каралгандыгын эскертет.