Печать
Категория: Коом
Просмотров: 134

2021-жылдын 4-8-октябрында АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) “Региондогу кызматташтыкты кеңейтүү аркылуу пандемиядан кийин калыбына келтирүү” темасында 11-чи Борбор Азиялык соода форумун өткөрөт. Бир жумалык иш-чарада туризм, транспорт жана логистика, электрондук соода, соода мамилелери, суу коопсуздугу, электр энергиясын сатуу жана башка жааттарда COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы калыбына келтирүү маселелерине арналган онлайн вебинарлар жана бет ачарлар өтөт.

Форумга катышуучу 80ден ашык спикерлердин арасында:

Форум Zoom платформасында эки англис жана орус тилдеринде өтүп, USAIDдин Борбордук Азияда атаандаштык, жумуш орундарын түзүү жана сооданы илгерилетүү боюнча долбоордун YouTube каналында да түз эфирде көрсөтүлөт.

Форумга катталуу жана чакыруу алуу үчүн https://catradeforum.org/ сайтына баш багыңыз.

Акыркы он жылда, USAIDдин Борбор Азиялык соода форуму региондо туруктуу экономикалык өсүштү өбөлгөлөөчү кызматташтыкты кеңейтүүгө колдоо көрсөтүп келет. Форум сооданы жана экономиканын өнүгүшүн чектеген көйгөйлөрдү аныктоо, идеяларды жана чечимдерди алмашуу, ишкер мамилелерди түзүү жана бизнес жүргүзүү үчүн 30дан ашык өлкөдөн 10 миңден ашык адам катышып келет.