Борбордук шайлоо комиссиясы Равшан Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого катышуусу боюнча билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Маалыматка караганда, КР ЖК шайлоосун өткөрүүдөгү талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан тапшырылган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ Равшан Жээнбековдун ишенимдүү өкүлү комиссияга кайрылбаган жана документтерин тапшырбаган. Ошондуктан, экс-депутаттын билдирүүсү чындыкка дал келбейт.