Бир баласы кылмыш жасаса, көп балалуу энеге Баатыр эне статусун бербей коюу туура эмес. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

"Бүгүнкү күнү пособие алыш дагы деле кыйын болуп жатат. Жөнөкөйлөштүрүп бергиле, өкмөт! Баатыр энелер тууралуу да маселе бар, эне баланы төрөйт, чоңойтот. Анан баласынын бирөөсү кылмыш кылса, Баатыр эне статусун бербей коюп жатабыз. Эне баланын кылган кылмышы үчүн жооптуу болбошу керек. Ал баланы чоңойтуп, өстүрдү, андан кийин кандай жашоо карманганы баланын өзүнөн көз каранды. Ушуну чечип берсеңер болот эле", - деди Икрамов. 

Кыргызстандагы мыйзам боюнча, жети жана андан ашуун баланы төрөп, тарбиялаган энелер Баатыр эне наамын алышат. Бирок эгер балдарынын бирөөсүндө мыйзам менен көйгөй жаралса, эне канча балалуу болсо да бул наамга жете албай калышы мүмкүн.