Жогорку Кеңеште бүгүн Толкунбек Абдыгуловдун Улуттук банктын төрагалыгынан кетиши жана Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин талкууга алды. 

Жыйынга алгач Толкунбек Абдыгулов келген эмес. Келбегенинин себебин президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов: "Ал жыйынга келүүдөн баш тартты. Биз аны мажбурлай албайбыз", - деп түшүндүрдү. 

Бирок ага депутаттар көнүшкөн жок. Узакка созулган талкуудан кийин акыры Толкунбек Абдыгуловду чакырып, иштен кетишинин себебин өз оозунан угууну чечишти. 

Абдыгулов алгач төрага болуп турган убакытта аткарылган иштер боюнча отчет берүүгө уруксат сурады. Андан кийин гана чындыгын ачыкка чыгарды: 

"Президент билимимди жана тажрыйбамды башка тармакта колдонууну сунуштады. Башка ишке өткөндүгүмө байланыштуу арыз жаздым", - деди. Бирок кайсы башка кызмат экенин айткан жок.