Улуттук энергохолдингдин бүгүн бөлүштүрүүчү компаниялар үчүн чыгарган жарлыгында рейддерди жүргүзүп, тиричиликке кирбеген тышкы жарыктандырууну кечинде жана эртең менен өчүрүү керектиги белгиленди.
Бул рейддер кафе, ресторан, мончо, сауна, парк, дүкөн жана башка турак жай эмес керектөөчүлөргө жана көчөдөгү жарнамаларга тиешелүү болот.
Улуттук энергохолдингдин төрагасы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, тиричиликтен сырткаркы абоненттер ресурстарды сарамжалсыз коротуп жатышат.
"Биз анализ жүргүздүк, бир лампочка эч нерсени чечпеши мүмкүн, анткен менен өлкө боюнча алганда башка кеп. Ал турмак светодиоддор да электр кубаттуулугун алат. Кечинде бир кафеде 7 ваттан 100дөн ашык лампа күйүп турат. Канча болот? Бардыгыбыз үнөмдөсөк жакшы эле үнөм болот", - деди Таалайбек Байгазиев.
Ошондой эле, өлкөдөгү бардык айыл өкмөттөрүндө жыл сайын көчөлөрдү жарыктандыруу 100 миллион киловатт-саатка жакын болот. Айтымында, жарыкты таң аткыча күйгүзүп коюнун кереги жок. Бишкекте парктарда таң аткыча күйөт.
"Ким таң аткыча сейилдейт? Ар бир адамда чек болушу керек, түнкү 10-11ден кийин үйлөрүндө болушу керек", - деди ал.
Ал белгилегендей, көчөлөрдөгү жарыктар түн ортосунан баштап кичине көчөлөр өчүрүлөт, а бирок борбордук көчөлөр жарык бойдон калат. Бирок мындай эрежени аткарбай коюуга жаза колдонулбайт. Кондиционер системасынан баш тартып, гирляналар кооз болгону менен чыгымды көбөйтөөрүн да эске алуу керек.