Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1646

- 27-сентябрда кечке жуук Бишкекти боз чаң каптады. Экологиянын булганышынын жана Бишкекте чаңдын пайда болушунун 3 себеби бар: биринчиден, шаар инфраструктурасынын сабатсыз түзүлгөндүгү, экинчиси, жашылдандыруунун жоктугу жана ирригациянын бузулушу, а үчүнчүсү, биздин микроклимат. Биз  көргөн чаң жарым жартылай топурактын түшүмдүү катмарынан турат, ал шамалдын эпкинине учат. Биздин парктар, короолор жана жашылдандырууга кире турган аймактар автоунаалар токтотуучу жайга айланып калган. Мындай жерлерде ирригация жок, ошондуктан дарактарды отургузуу кыйын. Автоунаа ээлери дагы балдар ойноочу аянттарды, парктарды тартып алышты. Бул жерлер негизинен автоунаа токтотуучу жайга ылайыкталбаган, анткени жашыл аймактарды түзүү эрежеси боюнча калк жашаган конуштарда үй алдына автоунаа токтотууга тыюу салынган. Бир жагынан алганда, буга ошол үйлөрдүн жашоочулары өздөрү күнөөлүү, экинчи жагынан, муниципалитеттин да айыбы бар. Ал бул маселени чечип, көзөмөлдөшү керек болчу. Жер алдындагы автоунаа токтотуучу жайлар бизде өнүккөн эмес, бирок айрым үйлөр ал менен чогуу курулуп баштады. Паркингди эч ким сатып алгысы келбейт, анткени баасы 10 миң долларга жетет, жашоочулар акча короткусу келбейт дагы автоунаасын короого токтотушат. Парк болушу керек деген аймактарда топурак бар, анын үстүндө асфальт катмары салынган эмес, а автоунаа топуракты дөңгөлөгү менен сыртка казып чыгарат, ал өз кезегинде шамал болгондо ар кайсы жакка учат.

Экологиянын булганышынын экинчи себеби – бул шаар инфраструктурасынын сабаттуу түзүлбөгөнүндө жатат. Тротуарлардын жана жол тилкелеринин туура эмес долбоорлонушу ушуга жеткирди. Арыктар бир гана суугат суу жеткирбейт, дренаждык канал да болушат. Мисалы, жамгыр жаады, жолдогу ылайдын баарын арыкка төктү, булганган суу арык менен шаар сыртына чыгарылышы керек. Долбоорлоо көбүнчө ушул нерсе эске алынбай жасалат, ошондуктан ылай жолдо кала берет. Арык менен тротуардын ортосунда тосмо болбошу керек, ошондой эле жолго топтолгон суу арыкка же нөшөр канализацияларына кетүүгө тийиш. Тосмолордун туура эмес кадалганынан, тротуарлардын бузулганынан улам бардык чаң четке топтолуп калат.

Учурда Бишкекте экологиянын булганышына карата эч кандай чара көрүлгөн жок. Мисалы, Алматыда бардык курулуш аянтчалары курулуш техникаларынын дөңгөлөгүн жууп чыгара турган атайын постторду курушкан. А бизде бардык курулуш чаңдары менен баткактары курулуш аянтчаларынын борбордук көчөлөргө автоунаалардын дөңгөлөгүнө жабышып чыгат, ошондуктан кир шаарда жашап, кир абадан дем алууга аргасызбыз. Бул ишти муниципалитет колго алуусу керек эле. Ири эл аралык иш чаралардын алдында көчөлөрдү жууйбуз, шаарды тартипке келтиребиз да, а өз жарандарыбыз үчүн мындай иштерди кылбаганыбыз өкүнүчтүү.

Кийинки себеп – биздин микроклимат. Фрунзе убагында жөн жерден “шаар-бак” болгон эмес, анткени, ошол убакта баары кескин континенталдык аймакта жайгашканыбызды билишкен. Океандан алыс, кургак климат жана борбор калаа кургак талаа менен курчалган. Архитекторлордун мурунку мууну шаарды болушунча нымдаштыруу үчүн жашылдандырышты, бак-дарактардын жалбырактары нымдуу микроклиматты түздү жана чаңды өздөрүнө сиңиришти. Бишкектин тегерегиндеги айыл чарба талааларынын тегерегинде теректерден куралган чек болгон. А азыр ал жерлерде жаңы конуштар пайда болду, аны көзөмөлдөгөн эч ким жок. Райондук парктарда тулаң чөптүн болбогондугу топуракты кургатып, чаңдын булагына айлантып койду.

Мындай абал шаардыктардын ден соолугуна да терс таасирин тийгизип жатат. Биз жүрөк-кан тамыр жана өпкө оорулары жагынан лидерлик орундагы мамлекетпиз. Биринчи кезекте жаш балдар жабыркап жатышат. Бойлору кыска жана терең дем ала алышпайт. Жолдун боюнда бир аз отуруп көрсөңөр, төбө чачыңар тик турат: жаш балдар кандай аба менен дем алып жатканын билесиңер. Анан калса бизде эч кандай өндүрүш ишканалары жок, ага карабай шаарда чаң толтура.