Эгер бизде буга чейин Эгемендүүлүк тарыхыбызда үч ирет болгон революциянын себеби шайлоолордун таза өтпөгөндүгү болсо, ошол ыплас шайлоону, жыйынтыгын жергиликтүү аким-чиновниктер жасап, ашмалтайын чыгарып келгендиги же аралашкандыгы жашыруун эмес. Ансыз бийликтин талапкерлери өтпөй, оппозиция жеңип кетиши мүмкүн эле. Ошондуктан карапайым калк да акыркы жылдары бекер добуш бергенче деп, акчага добушун сатып калгандыгы да ачуу чындык.
Ал эми азыркы бийлик алдыдагы – 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого райондордун же облусттардын жетекчилерин аралаштырбоону, демек, шайлоону таза өткөрүүгө белсенип жаткан кербези.
Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров өткөн жекшембиде Чоң-Алай районуна Кичи жана Улуу Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар менен жолугушуу учурунда билдирди. Мамлекет башчысы ар бир мамлекеттик органдын алдында шайлоо жараянынын таза жана ачык өтүүсүн камсыздоого катуу талаптар коюларын өзгөчө белгиледи.
«Парламенттин жаңы чакырылышына эл кимди шайласа дал ошолор келиши үчүн бардык шарттар түзүлдү. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36 бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоочулар партия үчүн гана добуш берген өткөн шайлоолордон айырмаланып, алдыдагы шайлоолордо шайлоочулар партия үчүн эле эмес, андагы өзүнчө бир талапкерге да добуш берген система киргизилди. Эгер кайсыл бир мамлекеттик кызматкер шайлоо жараянына кийлигише турган болсо, ага карата токтоосуз түрдө катаал чаралар көрүлөт», - деп билдирди Садыр Жапаров.
Айтор, алдыдагы парламенттик шайлоого бийлик өкүлдөрү аралашпай, кимди тандоону элдин өзүнө коймокчу.
Булак: “Майдан. kg” гезити