23-сентябрда Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер алып кетишкен.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн укук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматовдун айтуусунда, балдар такталбаган аймакта автоунаага жүк жүктөп жаткан учурда, “чек араны буздуңар”,- деген мааниде кармап кетишкен.
Бул окуяга чейин же 22-сентябрда да, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу жабыр тарткан. Окуя Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участогунда болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргызстандык 8-класстын төрт окуучусу мектептен кайтып келатканда Тажикстандын 11-классынын 30га жакын окуучусу кыргыз балдарын токмоктоп коюшкан. Кыргызстандык окуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.
“Окуядан болгондон кийин Баткен районунун акими, райондук ички иштер бөлүмүнүн, атайын кызматтын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Тажикстандын Исфара районунун башчысы жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүштү. Жыйынтыгында эки тарап чек ара аймагында жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзам бузгандарга чара көрүү тууралуу макулдашууга келди. Ошол урган балдарды тажик тарап өздөрү жоопко тарта турган болушту. Ал эми таяк жеген 4 бала учурда ооруканада”,- деди Турсуматов.
Ал эми өткөн дем алыш күнү да Лейлектин Жаштык айылынын жашоочусу келинчеги менен азыр Тажикстанга карап калган Жийделик айылына баратканда тажик күч кызматкерлери жүрүп бараткан кичи автобусту токтотуп, түшүрүп калышкан жана Ходжент шаарына алып кирип кетишкен. Бирок эртеси күнү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жараныбыз кайтарылган.
Булак: “Майдан. kg” гезити