Ошондуктан баалар кымбат. Мындай көрүнүш өзгөчө өткөн жылы коранавирус күч алып, атың өчкүр илдет эски оорууларды кошо козгогондо ар бирибиз жон терибиз менен сезбедикпи. Чындыгында баасы бир нече эсе кымбат дарыларды байлар, акчасы барлар гана сатып алып, акчасы жоктордун көбү жарыкчылык менен кош айтышып кете бербедиби.
Эгер маселени терең изилдей турган болсок, биздеги дары-дармектердин кымбаттыгы импорт менен эле байланыштуу эмес. Макул, 100 сомдук дарыны тиешелүү салыгын төлөп, ташып келип, 200 сомдон сатса түшүнөт элек. Кашайып үч, беш, ал тургай он эсе кымбат болуп жатпайбы.
Ушул жумада УКМК тарабынан калкка ашыкча жогорулатылган баада дары-дармектерди сатууну көздөгөн өлкөгө импорттоочу фармацевтикалык компаниялардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча маалымат алынган.
Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында аталган компаниялардын офисинде жана кампасында тинтүү иштери жүргүзүлдү жана кошумча экинчи бухгалтерия бар экендигин тастыктаган финансылык документтер алынды.
Ошол эле учурда, бул компаниялар тобу контролдоочу мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын колдоосу менен, салык төлөмдөрүнөн качуу үчүн, импорттук дары-дармектердин чыныгы баасын жашырып, андан ары дарыларды калкка сатууда баасы боюнча спекуляция кылгандары аныкталды.
Иш жүзүндө алынган далилдерди эске алуу менен аталган ишканалардын жетекчилеринин бири “А.В.” аттуу жаран кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча кылмышка шектүү катары белгиленип, камакка алынды.
Булак: “Майдан. kg” гезити