Ош тээ Союздун мезгилинен бери эле таза шаар катары белгилүү болуп келет. Анткени акыр-чикир, таштандыларды тазалган кызматкерлер таң атпай турушуп, ишин башташат. Эң негизгиси Оштун жашоочулары тартиптүү, башкалардай болуп эле колундагы кагаз жана башка таштандыларды туш келди ыргыта беришпейт.
Көрсө, ушул тазалыкты камсыз кылып, байыркы шаарды кулпуртуп турган жалаң аялзаты, биздин эже-карындаш, апаларыбыз тура. Эгер “Ош Тазалыктын” жетекчилиги өткөн аптада кесиптик майрамдын шылтоосу менен өз кызматкерлерине атайын кийимди таратып, аны видео, фото аркылуу интернеттен таратпаса, бул тууралуу билбей деле калмак экенбиз.
Анда аталган ишкананын бука моюн, буура булчуң директор жигити улгайып калган апага атайын тиктирилген кийимди кийгизип жаткандыгы көпчүлүктүн кыжырын келтирип, сын пикирге кабылды. Айрымдар бул көрүнүштү аялзатын, улгайган апаларды кордогон көрүнүш катары ашкере кылышты.
Социалдык тармактардын колдонуучулары “...Сүрөт чынында өтө жагымсыз. Шуба кийгизип, чепкен жапкансыган пиарың курусун дедик...
А бирок турмуш чындыгын алдагы сүрөт ачып койду!
Биз энелердин, эжелердин, аялдарыбыздын моюнуна минип алган өлкө болгонубуз качан. Эми кыздарыбызга жүгүбүздү артып койгондойбуз...
А жок бизге баарыбир! Кыздарыбыздын кыйналганы, арзуусу, арман-муңу менен ишибиз жок, акча таап турса, кредитти жаап турса болду бизге. Андан артканына тойго барабыз биз! ”,- деген сөздөр жазылган.
Аңгыча "Ош Тазалыктын" жетекчиси Нурбек Исмаилов сын-пикирлерге төмөндөгүдөй жооп берди:
"Кечээ, 25-сентябрда ишкананын бардык кызматкерлерине күз мезгилине карата күрмө жана жарык берүүчү жилет, баш кийимдер тапшырылган. Ал эми тарап жаткан сүрөт боюнча айтсам, биз форманы атайын буюртма менен тиктиргенбиз. Өлчөмү туура келеби, келбейби деп кийгизип көрүп тапшырганбыз. Жумушчуларыбыздын суранычы менен чөнтөктүү күрмө тигилген. Форманы тапшырып жатканда өздөрү каалагандай болгонун айтып, форманы сөзсүз кийип жүрүү керектигин айтканбыз.
Менин күрмөнү кийгизип жатканымды тартып алышыптыр. Негизи ал жерде ишкананын техникалык кызматкерлерине чейин форма тапшырылган. Алардын дагы сүрөттөрү бар. Форма берүү дайыма эле болуп келген, болгону ошол иш-чарадагы эле сүрөт. Андан пиар же саясат жасоо максатыбыз жок".
Булак: “Майдан. kg” гезити