Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү алдыңкы он алтын кенинин катарына кирген Кумтөр кенине убактылуу сырткы башкаруу киргизилип, өлкөбүздүн карамагына өткөндөн кийин көпчүлүгүбүз өндүрүш токтоп калбас бекен деп чочулаганбыз. Анткени мурдагы канадалык жетекчилер өздөрү менен кошо алып келген жогорку квалификациялуу адистерди алып кетүү менен гана чектелишпестен, компьютерлерде сакталган маалыматтар базасын өчүрүп, банк эсебин тоңдуруп, ал эми колдо болгон алтын жана акчаны көтөрө качышкан болчу.
Бактыга жараша уучубуз жогорку квалификациялуу адистерден куру эмес экен, бул аралыкта “Кумтөрдүн” өндүрүшү токтобой, керек болсо бюджетке арбын киреше түшүрүүдө. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтуусунда, эки айда Кумтөрдөн 21 жыл ичиндегиге караганда көп акча же 90 млн. доллар киреше алынган.
Октябрь айынан тартып бюджеттик кызматкерлердин айлык акысы, пенсия, жөлөкпулдардын дээрлик 50%га чейин көтөрүлүүсү да “Кумтөрдөгү” коррупциянын жоюлушунан улам камсыз болууда. Натыйжада өкмөт жарым жылдын жыйынтыгы боюнча баардык социалдык төлөмдөрдү аткарып, 564 млн. сом профицит менен чыгууда.
Ошондой эле, эгер быйылкы жылдын бюджети 162 миллиард сом болсо, кийинки жылы 220 миллиардга көбөйүп, дагы бир жылдан кийин 250 миллиарддан аша тургандыгы божомолдонууда.
К.Ташиевдин айтуусунда, мурда өлкөбүздүн алтын жана башка байлыктары уурдалып келген. Буга чейинки президенттер, премьер-министрлер, спикерлер аралашкан коррупциялык схемалар ачыкка чыгарылып, мурда “Кумтөрдөн” ай сайын 1,5-2 тонна алтын казылып учак менен ташылып кетсе, учурда бир да граммы сыртка чыкпай турат. Демек, элибиздин итке минип, өлкөбүздүн экономикалык жактан “банкрот” болуусунун башкы себеби коррупция турбайбы.
Булак: “Майдан. kg” гезити