Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Тазабек Икрамов бир мандаттуу округ боюнча депутаттыкка талапкерликке документтерин тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. 

Маалым болгондой, учурдагы депутат Жалал-Абад облусундагы №13 Сузак шайлоо округунан аттанат. 

Эске салсак, Кыргызстанда 36 округ бар жана алардын ар биринен талапкерлер чыгат. Шайлоого катышуу үчүн талапкерлерден документтер 13-октябрь 18.00гө чейин кабыл алынат.