Эмдөөдөгө каршы медициналык көрсөтмөлөргө байланыштуу болгон бардык маселелер Саламаттыкты сактоо министрлигинин "Кан кызматы боюнча эрежелер, нускамалар жана алгачкы медициналык документтердин Жыйындысы" буйруктары менен жөнгө салынат. Бул тууралуу Республикалык кан борборунун медициналык иштери боюнча директордун орун басары Сатыбалдиева Айганыш брифинг учурунда айтып берди.
 
«Эмдөөдөн кийин кан тапшыруу мөөнөтү 30 календардык күндү түзөт. COVID-19га каршы эмдөө эки этапта жүргүзүлгөндүктөн, донор кайра трансфузиондук станцияга келгиче, вакцинанын экинчи компоненти сайгандан кийин кеминде бир ай өтүшү керек. Бул убакта иммундук система туруктуу абалга жетишип жана туруктуу иммундук системаны өнүктүрө алат», - деп билдирди Сатыбалдиева Айганыш.