Печать
Категория: Коом
Просмотров: 677

УКМК Кыргызстандагы фармацевтикалык мафиянын жүзүн ачты. Бул тууралуу аталган комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев коопсуздук кызматынын Алай районундагы  бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди. 

Айтымында, калкка жогорутатылган баада сатылып жаткан дары-дармектер аныкталган. 

"Эң болбоду дегенде бааны 3 эсе көтөрүшкөн, айрым учурда ал турмак 10 эсе кымбат сатылган. Буга мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер аралашкан. Ири мафия түптөлгөн", - деди Ташиев.   

 Ошондой эле, УКМКнын башчысы Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүү менен алектенген ири мафиянын изине түшүшкөнүн белгиледи. 

"Бизде күйүүчү май 50 сомдон ашык эмес баада сатылышы керек, а бул мафия мамлекетти тоноп жатат. Күйүүчү май азыр канчадан сатылып жатканын билесиздер, 56-58 сомдон. Буга эч ким көңүл бурбайт, мамлекет дагы, жетекчилер дагы. Биз учурда ушул багытта иштеп жатабыз. УКМКнын кызматкерлеринде чоң бийлик бар. Аны мамлекеттин байлыгын жана жарандардын укугун сактоого бурушубуз керек. Күбөлүк алып, чөнтөккө салып коюп, жеке маселелериңди, туугандарыңдын маселелерин чечип жүрө берсең болот деп ойлобош керек. Биз ар бир кызматкердин ишинин жыйынтыгын карабайбыз. Мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз, эми өлкө кызыкчылыгы үчүн иштегиле", - деди Камчыбек Ташиев.