Дүйнөдөгү билим берүүнүн сапаты боюнча рейтингде Кыргызстан 93 мамлекеттин ичинде 55-орунду ээледи. Аталган рейтингди аныктоо бир катар критерийлер боюнча жүргүзүлгөн.

КМШнын алкагында өлкөбүз Россиядан гана артта калган. Билим берүү системасынын сапаты боюнча Россия 36-орунду ээлесе, Кыргызстан – 55, Казакстан – 62, Азербайжан – 69, Түркмөнстан 86-орунга илинген.

Билим берүү чөйрөсүндөгү иликтөөнүн жыйынтыгы менен мыкты өлкөлөр деп Улуу Британия, АКШ, Австралия табылса, эң начар деп Ботсвана өлкөсү табылган.

Рейтингди аныктоодо студенттердин ЖОЖдордо билим алууга даярдыктары, университеттердин каржылануусу, дүйнөлүк рейтингдердеги   жогорку окуу жайларынын саны,  улуулардын сабаттуулугунун деңгээли, бүтүрүү курстары, башталгыч жана орто мектептердин көрсөткүчтөрү, мамлекеттин билим берүүгө каражат бөлүүсү ж.б. көптөгөн  маселелер баалоого алынган.

Булак: “Майдан. kg” гезити