Кыргызстанда мектептердин, бала бакчалардын таңсыктыгы ондогон жылдар бою чечилбей келаткан көйгөйгө айлангандыгы маалым. Ошону менен катар педагогдордун жетишсиздиги да күн тартибиндеги маселелерден бойдон калууда.

Билим берүү жана илим министрлиги өлкдөгү мектептерге 2021-2022-окуу жылына 755 мугалим жетишпей турганын билдирди. Министрликтен маалым болгондой, жетишсиздиктердин ордун толтуруу максатында туруктуу негизде иш алып барылууда. Бул максатта 12 жогорку жана 4 атайын кесиптик окуу жайлары менен иштер жүргүзүлүп атат. Контракттык негизде билим алышкан бүтүрүүчүлөрдү мектептерге бөлүүдө алардын каалоосу эске алынат. Ошол эле мезгилде райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү тарабынан мектептердеги ваканттык орундар боюнча  маалыматтар топтолуп, ошонун негизинде бөлүштүрүү иштери жүрөт. Мындан сырткары, ар бир мектептин керектөөсү, мектептердин штаттык расписаниеси, райондун борборунан аралыгы, окутуунун тили, маянасына кошумчалар, жаш адистерге  берилчү  жеңилдиктер,  турак-жай менен камсыз кылуу ж.б. маселелер эске алынат.

Булак: “Майдан. kg” гезити