Тилекке каршы, үй-бүлѳлѳрдѳгү зордук-зомбулук кѳрүнүштѳрү азайбай эле кѳбѳйүүдѳ. Мындай маалымат үй-бүлѳлүк зомбулукка каршы ѳткѳрүлгѳн тегерек столдо айтылды.

Анда айтылгандай, 2021-жылдын башынан бери ИИМ органдары тарабынан 7665 үй-бүлѳлүк зомбулук фактылары катталган. Бул кѳрсѳткүч чыны менен ойлондурбай койбойт. Бул ѳткѳн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 30 пайызга кѳп дегенди билдирет. Бул ИИМ органдарына кайрылып, каттоого алынган фактылар гана. Ал эми канчалаган үй-бүлѳлүк зордук-зомбулук учурлары ачык айтылбай, билинбей калып келет. Ал тууралуу зомбулуктун курмандыктары биринчиден, ачык айтуудан, милицияга арыз жазуудан коркушса, экинчиден, жакындарынан, тууган-тушкандарынан тартынышып, жашырып коюшат. Натыйжада үй-бүлѳдѳгү мындай кѳрүнүштѳр кѳбѳйүүдѳ.

Ар бир үй-бүлѳнүн жашоосу ѳзүнчѳ түнт токойдой экендиги да чындык. Бирок зордук-зомбулук кѳрүнүштѳрүн алдын алуу, аларды болтурбоо, азайтуу максатында тийешелүү органдар тарабынан кандайдыр иш-чаралар жүргүзүлүшү зарыл. Ансыз канчалаган аялдар ѳмүрлѳрүнѳ, ден-соолуктарына коркунуч жаратып  жатса, канчалаган  наристелер, ѳспүрүмдѳр психологиялык жараат алып чоңоюшуп, келечек  тагдырлары талкаланууда.

Жогорудагыдай кѳрсѳткүч кыргыз ѳкмѳтүн, кыргыз коомун чындап ойлондурушу керек!

Булак: “Майдан. kg” гезити