Түрксой 2022-жылды Токтоболот Абдымомуновдун жылы деп жырыялады деп билдирди Маданият министрлигинин маалымат кызматы.

Өзбекстандын Хива шаарында өткөн маданият министрлеринин жыйынында КР маданият министри Кайрат Иманалиев кыргыздын белгилүү жазуучу жана драматургу Токтоболот Абдымомуновдун талапкерлигин көрсөттү.

Түрксойдун эрежесине ылайык, катышкан өлкөлөрдүн маданият министрлери тұрк дүйнөсүнө белгилүү тарыхый ишмерлерди жыл сайын тандап алат жана анын чыгармаларын кийинки муунга жеткирүүгө аракет кылышат.

Билдирүүдө айтылгандай, министр Кайрат Иманалиевдин сунушу  жана быйыл Токтоболот Абдымомуновдун 100 жылдыгы экендигине байланыштуу жыл ушундайча аталды.

Мындан мурун казак акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата жана түрк элинин маданий ишмери акын Юнус Эмренин 700 жылдыгына карата жылдар болгон.

Белгилүү драматург, жазуучу, коомдук ишмер , кыргыз улуттук драмасына негиз салуучу Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Чүй областынын Кемин районундагы Атаке айылында жарык дүйнөгө келген. 

1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайда окуп, андан соң Йошол айыл өкмөтүндө фельдшер болуп иштеген.
1939-жылы КР медициналык институтуна өтүп, оорусуна байланыштуу 3- курстан таштоого аргасыз болгон. Студенттик жылдарында ал аткаруучу искусствого кызыккан. 

Анын карьерасы " Кумдуу чап", "Курман" деген спектаклдер менен башталган.

Баш - аягы Токтоболот Абдымомунов отуздай пьеса койду, анын пьесалары Кыргызстандын театрларында байма - бай коюлду.

- 1959-жылдан 1971-жылга чейин Кыргызстан жазуучулар Союзунун биринчи катчысы болгон.
- 1974-жылдан 1987-жылга чейин Кыргызстандын Театралдык коомунун төрагасы болгон.
- 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдымомунов атындагы Адабий сыйлык бериле баштаган.
- Анын маданият менен искусствого кошкон салымы зор. Мамлекеттик Кыргыз ССР Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын ээси.

Ал 1989-жылы 67 жашында дүйнөдөн кайткан.