Экономиканы өнүктүрүүнүн эң башкы факторлорунун бири - сырттан инвестицияларды тартуу болуп эсептелет. Азыр экинчи, үчүнчү дүйнөлөрдүн өлкөлөр гана эмес, экономикалык державалар да негизинен сырткы түз инвестициялардын эсебинен өнүгүшүүдө. Алсак, Азербайжан өткөн жылы 4,5 миллиард доллар инвестиция тартты. Кошуна Өзбекстанга жыл сайын орто эсеп менен 5-6 миллиард доллардан инвестиция келүүдө. Жалпысынан өткөн жылы Борборук Азия өлкөлөрүнө 21 миллиард долларлык инвестиция тартылса, алардын 40/1не жакыны гана Кыргызстанга туура келди. Кытайдын жылда сырттан тарткан түз инвестициясы 180 миллиард доллардан ашат.
Мындан көрүнүп тургандай, инвесторлорду өлкөнүн саясый системасы,башкаруунун формалары кенедей да кызыктырбайт. Өлкөдө саясый абал туруктуу, инвесторлор үчүн ыңгайлуу климат түзүлүп, алардын каражаттары жана мүлктөрү ишенимдүү корголсо, инвесторлор авторитардык башкаруулардагыларга түгүл, диктатура өкүм сүргөн мамлекеттерге деле келе берет экен. Ал эми саясый абалы туруксуз, элинин тартиби жок, башаламан өлкөлөрдөн сырттан инвестиция келмек түгүл, ички инвестициялар сыртка качат. Ага мисал катары өзүбүздү көрсөтсөк болот. Жылдын 1-жарымында Кыргызстанга сырттан 332 миллион доллар инвестиция тартылса, ичтен 500 миллион долларга жакын каражат чыгарылып кетиптир.
Биз үчүн сырттан инвестиция тартуунун эң мыкты учурлары 2008-2009-жылдарга туура келет. Ал убакта жыл сайын 1 миллиард доллардан ашык инвестиция тартыла баштаса, тополоңдордон кийин ал эки эсеге азайды. Тилекке каршы, бизде күч менен жогорку бийлик алмашканы аз келгенсип, айрым саясатчылар, жергиликтүү тынчы жок, рейдерликтин эсебинен жан баккысы келгендер ар кандай шылтоолор менен жер-жерлерде иштетилип жаткан тоо кен комбинаттарына каршы мезгил-мезгили менен жергиликтүүлөрдү айдактап, инвесторлорго ультиматумдук талаптарды коюшуп, алардын мүлктөрүн талкалап, өрттөп, талап-тоноп туруусу өнөкөткө айланып калды. Өткөн жылдын октябрындагы тополоңдо жергиликтүүлөр “Жерүй” алтын комбинатына тийиштүү жалпы баасы 5 миллион долларга жакын техникаларын, мүлктөрүн өрттөп салышты. “Бозумчакта” жетекчи, адистерди сабап, “комбинатта жалаң жергиликтүүлөр иштөөлөрү керек” деп кескин талап коюшкандан улам комбинат 4 айдай иштебей турду. Тополоңдордон улам жалпысынан Кыргызстанда өткөн жылы октябрь-декабрь айларында 8 тоо-кен комбинаты иштебеди. Анын айынан милиарддаган сомдук алык-салыктар, милдеттүү төлөмдөр республикалык, жергиликтүү бюджеттерге түшпөй калды. Андан эл, мамлекет гана зыян тартууда.
Тилекке каршы, жакында Чаткал районундагы Жамгыр кениндеги жаңжал да ушундай фактылардан болуп саналат. Төрт-беш адамдын айдактоосу менен 8 айылдын эли жыйылып барып, ал кенди иштетип жаткан “Вертекс Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коомунун комбинатынын дарбазаларын талкалап, бир нече күндөн бери аларды иштетпей жатышат. Нааразылардын талаптары эмнеде? Алар комбинаттын калдыктарды сактоочу жайын башка жерге көчүрүүнү талап кылышууда. Ал эми азыр курулуп жаткан жайы убагында адистердин, эксперттердин текшерүүлөрүнөн өткөрүлүп, жакынкы айылдарда жашагандардын макулдуктары алынгандан кийин курула баштаган экен. Эми ал айылдардын “экологдору” позицияларын өзгөртүшүп, калдыктарды сактоочу жайды башка жерге көчүрүүнү талап кылып жатышыптыр. Билгендер ал жөн эле шылтоо экендигин, анабашчылардын чыныгы максаттары ЖЧКнын жетекчилигинен акча өндүрүү экендигин айтып жатышат. “Бозумчакка”, башка бир катар комбинаттарга жергиликтүү “экологдор” ультиматумдук талап коюшуп, өздөрүнүн балдарын, кыздарын, жакындарын жумушка алдыргандыгы эч кимге жашыруун эмес. Эми ишке орноштура тургандары калбаганда шантаждык жол менен акча өндүрүүгө аракеттенгендери өтө эле ынсапсыздык болуп саналат. Мындай көрүнүш улантыла берсе, Кыргызстанга кандай акыл-эстүү инвестор келет? Бийликтегилер инвесторлорго ыңгайлуу климат түзүү жөнүндө сайрашкандын ордуна аларды коргоо боюнча таасирдүү чараларды көрүшпөсө, азыр иштеп жатышкандары да акырындап кете башташат.
Биз Казакстандык, Өзбекстандык, Россиялык жана Кытайлык инвесторлорго тийишкенден өтө этият болуубуз зарыл. Эгерде биздин жарандар алардын инвесторлоруна тийишсе, алардын бийликтеринин бизге башка ыкмалар, жолдор аркылуу кысмактап коюу мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигин эстен чыгарбайлы. Же Казакстандын өтмө бекеттеринде Кыргызстандын фураларынын ондоп, жүздөп тизиле баштоосун көргүбүз келип жатабы? Анын үстүнө Казакстандын Кыргызстанда тоо кен иштеткен компанияларынын көбү Элбашынын айланасындагыларга барып такаларын эстен чыгарбаган оң. “Кашыгыңарга - кашык, чөмүчүңөргө - чөмүч”, бизге кандай мамиле жасасаңар, ошондой жооп аласыңар деп коюшса, элге эле кыйын болот.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити