- “Качан оңолобуз? Канткенде оңолобуз?” -  деп суроо жазыптыр Өмүркан.

Өз өмүрүн өзү оорлоштурган адамдар жөнүндө бир грамм түшүнүк. Ар ким өз доорундагы маселелерди  өзү чечип, келечекке чоң жолдорду тазалап, ачып, шарт түзүп кетүүнү ойлосун. Рухий байлыктар жетишпейт бизге.

Жоопкерчиликсиздикти гана мурас катары калтырып кеткен адам жашады дегенди билдирбейт. Биринин маселесин бирине төңкөрүп, ар бир жаңы муун өткөн муундун катасын кайталай берсе, ал муундун келечеги жок.

Жаңы жаралган муундарда жараткан балдарын бага албай, ата-  энесинин көзү өткүчө пайдалана берет, алсыз, арсыз чырмалышып.

Жаралардын эң башында эле жаратуучу ата- эне ойсуз, плансыз, билимсиз, шартсыз эле жаратканы аз келгенсип, жаралган уул- кыздарды тарбиялоого да терең билгичтик, акыл- эс жетпечи. Салтты гана элге карап жарышып, кайталап коюшчу.

Бардык маселелерди тоодой үйүп, аргасыздыкка, айласыздыкка такалганда гана, үй -бүлөнүн эң беттүүсүнө түйшүк түшчү. Кантип, кандай жол менен ушул маселелерди чечүү керек деген. Уйкуда жата берген ойсуз, үй-пүйү менен нөшөрлөп жааган жамгыр, сел кошо агызып алып кетсе да, беймарал, коробой өлүп кутулгандар да бар эле. Бул чындыктарды көрүп байкоого төрт көздүү адам, төрт кулактуу жаран керектей сезилчү.

Билим алып, акча таап, үй салып, шарт түзүп, ден соолук чыңдап, аял тандап, таланттуу балдарды жаратам деген эркек азырга чейин издесең кызыл китептен табылат. Кудайга шүгүр, жок эмес бар, бирок алар да өзүнүн жекече турмушуна арналбаган эле, мураска калган коробостук, жакырчылык, билимсиздик, алсыздык менен күрөшүп жүрүп, бала- чакасына ошол эле өзү чече албаган маселелерди  тоодой үйүп коюп кете беришкен эле.

Коомго келе элек маселелердин сөзсүз келүүсүн сезген, адамдардын жаралышына да, кылымдардан топтолгон өзгөчө генетикаларды ойготуучу териси жука, сезими, туюму терең эркек жана кыздар керек.

Жаратылышынан мугалим болуп жаралгандар жокко эсе. Педагогикалык билим алган, алган билимин кайталап коет, бирок ашыкча нерсе жүрөгүнөн жулуп бере албайт. Баш казанда бары гана чөмүчкө чыгат.

Булак: “Майдан. kg” гезити