"Сыйлык биздики болсо, сыймык элдики. Эркелетип, колдоп-коштоп турган элибиз бар үчүн карапайым элдин арасынан чыккан таланттуулар ардактуу наамдардын ээси болдук. Элиме болгон сыйым чексиз. Ар бир кол чабуу, ар бир адамдын суроону менен ушул даражага жеттик. Бактысы жанган, ынтымагы бекем Эл бололу. Ар бириңиздерге жакшылыктарды каалайм.
Сыйлыктар ушул сапар чыныгы татыктууларды тапты деп ойлойм. Ар кайсы тармактардын 40-50 жылдап иштеген адистеринин сыйлык алып жатканын көрүп бери жакта туруп биз толкундадык. Адилеттүүлүк орногонуна кубандык. Бул үчүн өлкө жетекчилигине да чексиз ыраазычылык", - деп жазды Айчүрөк Иманалиева соцтармактагы баракчасына.
Айчүрөк Иманалиева Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алды.