- Башкы прокуратурага караган бала бакча толугу менен кыргыз тилине өтүптүр деген кабарды угуп, аябай сүйүндүм! Курманкул Зулушев мырзанын бул кадамы чыныгы мамлекетчилдиктин, мекенчилдиктин бир жакшы өрнөгү болгон экен, буюрса...
Эми, мынча болду, борбордук мамлекеттик органдарга тийиштүү дагы бир топ бала бакчалар бар (ИИМ, УКМК... ж.б.у.с.), ошолордун баарын бара-бара кыргызчага өткөзүш керек! Бул Бишкек шаары үчүн өтө маанилүү, кайсы бир дэңгээлде революциялык кадам болот эле! Кыргыз тилин Бишкек шаарында минтип өнүктүрбөсөк, башка жолдордун баары жакшы жыйынтык бербесине толук ынандым! Бала бакча толук кыргызча болсо, ага барган бөбөктөр орус тилин мындай эле, планшеттерин чукуп отуруп сонун өздөштүрүп кетээри талашсыз! Ошентип, табигый кош тилдүүлүк пайда болот да...
Булак: “Майдан. kg” гезити