Калкты түгөл эмдөөдөн өткөрүү иш-аракеттери уланууда. Өкмөт, жергиликтүү бийлик бутактары элди Covid-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакыруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишүүдө. Өлкө башчысы буга чейин да элге кайрылып, эмдөөдөн өтүүгө чакырган.
Президент дагы бир ирет коронавирус илдети менен күрөшүү көңүл чордонунда экенин билдирип, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырган кайрылуусун социалдык тармакка жарыялады.
“Бүгүн 69 ковид инфекциясы менен ооруган учур катталды. Алардын бардыгы эмдөөдөн өтпөгөн жарандар экен. Ошондуктан дагы бир жолу жарандарды коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырам”, - деди өлкө башчысы өз кайрылуусунда.
Маалымат үчүн айта кетсек, КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 19-сентябрга карата өлкөдө 69 ковидди жугузган учур катталган. Учурда стационарларда 594 бейтап дарыланып атса, амбулатордук жардамдарды 881 адам алууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 764 миң 437 жаран вакцинанын бир дозасын алышкан болсо, экинчи дозасын алгандар - 565 миң 822 адам.
Булак: “Майдан. kg” гезити