Эгерде буга чейин мамлекеттин бюджетинен акча уурдап, эбегейсиз байлык топтогондорго кылмыш иштери козголуп, бирок белгилүү убакыттан соң келтирилген зыяндын бир сомун толтурбай эркиндикке чыгып кетишсе, Камчыбек Ташиев УКМКга тѳрага болуп келгенден бери жүз миллиондогон сомдор мамлекеттин эсебине кайтарылып жатканын калыстык үчүн белгилей кетели. Коррупция менен күрѳшүүнүн алкагындагы “кустуризация” уланууда.
Бул ирет ири суммадагы акчаны кымырып алгандыктары үчүн Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков, ЖКнын экс-депутаты Кубанычбек Нурматовго кылмыш иштери козголду.
Тергѳѳ органдарынан маалым болгондой, Самарбек Болотбеков ѳткѳн жылдагы парламенттик шайлоодо 300 миң АКШ долларын алдамчылык менен кымырууга катышса, Кубанычбек Нурматов Эсептѳѳ палатасынын аудитору болуп турган кезде 500 миң АКШ долларлык кыймылсыз мүлктү алдамчылык жол менен ээликтеп алыптыр.
Албетте, бизде бир нерсе болсо эле кылмыш иштерине саясий түс берүү модага айланган. Андыктан булар дагы ошентиши мүмкүн. Бирок бул экѳѳсү саясатта эч ким, эч кандай фигура эмес. Демек, ѳздѳрүнѳ козголгон кылмыш иштерин саясатка байлбай эле коюшкандары оң.
Булак: “Майдан. kg” гезити