Кыргызстанда 2010-жылы болгон төңкөрүш-революцияда Беларустун борбору Минск шаарына качууга аргасыз болгон мурдагы президенттер Бакиевдер ушул жумада белгилүү түрк саясатчыларынын бири же бийликке оппозицонер партиянын депутатына кызын беришти. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазышып, тойдон тартылган кыскача видеолорду, сүрөттөрдү жарыялашты.
Бизге жеткен маалымат боюнча, учурда Түркияда жашап жаткан Бакиевдердин ортончусу Адыл Бакиевдин кызы Алмаш атактуу түрк саясатчысынын уулуна турмушка чыккан.
Үлпөт тою 17-сентябрда Анкара шаарында өттү. Күйөө баланын аты Ильтериш Эргун, ал İYİ партиясындагы депутат Метин Эргундун уулу.
Тойго Анкаранын мэри Мансур Яваш, İYİ партиясынын төрагасы Мераль Акшнер, Республикалык элдик партиясынын төрагасы Кемаль Кылычдароглу жана башкалар келишип, куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, эки жашка каалоо-тилектерин айтышты. Белгилей кетүүчү жагдай, Анкаранын мэри Мансур Яваш, Республикалык элдик партиясынын төрагасы Кемаль Кылычдароглу баш болгон үлкөн чиновник, саясатчылардын катышкандыгы эле бул тойдун өтө жогорку деңгээлде өткөндүгүн жана Бакиевдер Түркиянын жөнөкөй эмес адамдары менен куда болгондугун көрсөтүп турат.
Бирок баш кошуу салтанатында Бакиевдердин эч кимиси көрүнгөн жок. Сыягы, алар өздөрүнө карата Кыргызстанда козголгон кылмыш иштеринен улам ач кулактан, тынч кулак бололу дешип, тойго барышкан эмес окшойт. Эмнеси болсо да “Алысты жакын кылган кыз”,- демекчи, саясаттан тыш эки элдин уул, кыздарына бакыт-таалай каалайбыз.
Булак: «Майдан.kg» гезити