Печать
Категория: Коом
Просмотров: 134

Көрсө, алар кызарган жердин баарын ээлек, бийликте түбөлүк отурабыз деген амбициясынан тышкары чет өлкөлүк жарандарга кыргыз паспортун пирожкидей эле таратышкан экен.

Ушул жумада Бишкек ШИИББ Түркиянын атайын кызматы тарабынан уурдалган Орхан Инандыга жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү иши иликтенип, сотко өткөнүн жарыялады.

Сотко чейинки өндүрүш «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Коррупция» беренелери боюнча жүргүзүлгөн.

Кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтердин пакети жасалма болгон жана бланктар одоно мыйзам бузуулар менен түзүлгөн. Өлкө аймагынын тышында жүргөн үч түрк жараны Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүшкөн эмес. Түркиянын дагы жети жараны Кыргызстанга келип, паспортторун алгандан кийин дароо чыгып кетишкендиги белгилүү болду.

Аталган он түрк жараны Түркияда ФЕТО уюмунун тизмесинде болгон.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухаббат Пратовага, паспорт столдун мурдагы жетекчиси Гүлнара Бердигуловага жана экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдер “паспорт мафиясына” шектелүүдө.

Мындан сырткары, түрк жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүүгө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов да аралашкандыгы белгилүү болду.

Ошондой эле Президентке караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы Эрнист Апилов, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурдагы жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев да суракка чакырылууда.

Мындан сырткары, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен УКМКнын экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге эл аралык издөө жарыяланды.

Алар Түркиядан келгендерге кыргыз жарандыгын берүү процессин тездетүү боюнча документтерге кол коюп, мыйзамсыз көрсөтмө беришкендиги тергөөнүн жүрүшүндө ачыкка чыгууда.

 

Булак: «Майдан.kg» гезити