Өлкөбүздүн түштүгүндө, айрыкча меймандос Ош, Жалал-Абад, Баткен облусттарында сырттан барган конокторду ким экендигин сурабай үйгө киргизип, дасторкон жайып сыйлоо салты бар. Бирок элибиздин бул кеңпейил мүнөзү чиновниктер арасында кызмат абалын сактап калуу же андан ары көтөрүлүү үчүн “трамплин” катары да колдонулуп кеткен учурлары жок эмес. Мисалы, айыл. Район же облус башчылары борбордон барган чоңду жана текшерүүчүнү аш басып, кой союп, “куймасынан” да куюп аябай сыйлап “ишин бүтүрөт”. Ошон үчүн Ак үй, Көк үйдөгү чиновник-текшерүүчүлөр жана Парламент депутаттары Ош тарапка көп катташат...

Тилекке каршы тээ Союз кезинен, ал тургай кийинки 30 жылдан бери улантылып келаткан бул “салтты” Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов бузуу керектигин айтты. Ал мындай билдирүүнү 17-сентябрда Кара-Суу районунда өткөн жыйында жасап, «текшерүү органдарына чай уюштурууну токтотууга» чакырып,  тургундар, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары жана депутаттары кайрылды жана муниципалдык кызматкерлерге «бюджетке кол салбай, таза иштөө керектигин» айтып, текшерүү органдарына чай уюштурбоого үндөдү.

«Текшерүү органдары айыл өкмөттөрүн кезекке коюп алган. Аларды текшерип туруп, анан “4-5 киши болуп келебиз, бизге чай даярда” дейт. Анан барып союшту жешет. Аны айыл өкмөттөр чөнтөгүнөн кылат беле? Жок. Баарын өкмөттүн бюджетинен кылат. Азыр айыл өкмөттөргө “токтоткула” деп айтып атам. Муну өзүмдөн баштайын дедим. Азыр беш районду кыдырып келдим, эч жерден союш жебей, чай ичпей эле келдим, мына эч нерсе болгон жокмун»,- деди ал жыйындын катышуучуларына.

Баса, жакында Ош шаарынын мэри А. Мамбетов бул кызматка шайлангандан кийин шаардык кеңештин депутаттарына, вице-мэрлерине жана мэриянын кызматкерлерине шаардагы «ИЗЮМ» ресторанында сый тамак уюштургандыгы дүң болуп, башка мэрлер менен чиновниктердин шилекейин агызган болчу. Анда жылкы союлуп, устукан тартылгандыгын журналисттер түз эфир аркылуу көрсөтүшкөн.

Баарынан кызыгы, ошол сый тамак уюштурулгандан кийин, 6-сентябрда «ИЗЮМдун» жетекчиси Марс Исаев мэр Алмаз Мамбетовдун буйругу менен биринчи вице-мэр болуп дайындалган...

 

Булак: «Майдан.kg» гезити