Печать
Категория: Коом
Просмотров: 137
Садык Шер-Нияз о своем катании на самокате в Париже: Мы работаем за счет  налогов народа. Я думаю об этом каждый день | LIVE.KG

Быйыл жазында кыргыз бийлиги алгачкы ирет Францияда элчилик ачып, элчи кылып айтылуу “Айтыш” коомун түзүүчү, белгилүү кинорежиссёр, экс-депутат жана президенттикке бир нече ирет талапкерлигин коюп, шайлоого чейин эле марадан четтеп кеткен Садык Шер-Ниязды дайындаган болчу. Анын жарым жылдай аралыкта Парижде эмне кылып жүргөндүгүн билбейбиз. Бирок жакында кадимки эле самокат тээп жүргөн видеосу социалдык тармактарга тарап кетти. Видео анын Фейсбук баракчасына жарыяланып, тамаша-аралаш пост жазылган.

Шер-Нияздын айтымында, анын ушундай техникаларга жакындыгы бар.

"Жумуштан чыгып баратсак бурчта платный самокат турган экен. "Эми ат минген кыргыз деп калдыңыз эле…" дешип жыландын башын кылтыйтып жатышпайбы. Видеого тартпагыла дегем Азамат тартып алып, ватсапка салып ийиптир. Менин ушундай техникаларга жакындыгым бар. Бишкекте эле "бой күлүктү" (моноколесо) бош кезде өздөштүрүп алгам.

Ал эми эң негизгиси келечектин транспорту ушул деп ойлойм. Бир кезде Америкадан ойлоп табылган контейнер менен жүк ташуу системасы биринчи эле жылы Америкага 50млрд доллар киреше алып келген дешет. Азыр Европанын баардык шаарларына самокат системасы иштей баштады. Экономикасы эбегейсиз. Мен муну 4-5 жыл мурун Лос Анджелестен көрдүм эле. Азыр Парижде самокат кадимкидей эле көрүнүш.

Бул жөн гана ой толгоо атайын кытмырланып унаа сурап жаткан го деп ойлоп албагыла, унаабыз деле бар, жакында жаңысын алдык", - деп жазган Шер-Нияз.

Албетте, Садык мырзанын дүйнөнүн маданий борбору болгон Париждин элинин коомдук транспортун же самокатты жарнама кылгандыгы азыркы бензиндин баасы күн сайын көтөрүлүп, Бишкекте тыгын маселеси чечилбей жатканда өзү жалгыз бир жолтандабасты жумушуна минип келип жүргөн депутаттар менен чиновниктерге кулак кагыш болуптур...

 

Булак: «Майдан.kg» гезити